Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Фатхинин икаясы: “Иранда камалгандар эмне болорун мен айта алам”


 Али Фатхинин (жашыруун аты) көшөгө артынан тартылган сүрөтү.
Али Фатхинин (жашыруун аты) көшөгө артынан тартылган сүрөтү.

Иран өкмөтү 12-июндагы президенттик шайлоодон кийинки тополоңдордо камалгандар санын 450 киши деп жүрөт. Ички булактар алар миңден ашат дешет. Дайыны табылбай калгандар да аз эмес. Али Фатхи да (өз аты эмес) мындан он жыл мурда студенттик демонстрацияларда камалып, түрмөгө түшкөндөрдүн бири. Ушул тапта ал Европада байырлаган бозгун.

"Иранда нааразылык демонстрациялар маалында камалгандар эми эмне болорун билесизби? Мен муну айта алам, - дейт Фатхи. – Мындан туптуура он жыл мурда, 1999-жылы Тегерандагы студенттик демонстрациялар маалында мен да камалган элем."

Фатхи өзүнүн ошондо "жасаган ишин" иран мыйзамдарынын аңытынан алганда "анык кылмыш" болчу деп баалайт, ал эми азыркы демонстранттар болгону шайлоонун жыйынтыктарына гана нааразы болуп жатышат.

Он жыл мурунку жайкы тополоң реформачыл маанайдагы окумдуу бир гезиттин жабылышынан башталган.

Буга жоон топ студент нааразылык билдирет, аларды тартипке салганы полиция келет да союл менен урап-сабап жатып, бир кызды набыт кылып салат. Муну уккан башка жаштар жаалданып,уулдап-дуулдап көчөгө чыгышат.

Бийликтерден полицменди жазалап, ал эми президент Мохаммад Хатамиден реформаларды тездетүүнү талап кылышат.

Тегерандык студенттердин тополоңу башка шаарларындагы университеттерге жетип, эртеси бүт өлкө боюнча жаштар толкуп чыгат.

Фатхи элүүдөй курсташтары менен бирге университеттин жатаканасында көрүнүктүү жерде илинип турган аятолла Али Хаменейинин сүрөтүн дубалдан жулуп алып, өрттөп жиберет. Полиция аларды курчоого алып, жатаканадан чыгарбай, баарын бирден кармап кетет.

"Алар бизди полициянын мекемесине алып барышкан жок, - деп эскерет Фатхи.- Көзүбүздү таңып таштап, машинага салып, бир жакты көздөй алып жөнөштү. Кийин көргөндө билдик: алар бизди иран-ирак согушу маалында туткундар үчүн салынган эски түрмөнүн түбүндөгү зынданга алып келишиптир".

Кармалгандардын баары 20дай бар экен. Аларды үстүндөгү үйүрүп кийер көйнөктөрүн сыйрып алып, жылчыксыз, капкараңгы тар бөлмөгө камап салышат. Эки апта бою ошол жерде жатышат. Күнүнө бир маал үстү жактан өзөк жалгагыдай тамак таштап коюшат. Анан акырындап аларды бирден суракка чакырып, тергей башташат.

"Биринчи сурак ур токмоктон башталды, - дейт Фатхи. – Лөкүйгөн немелер үн-сөз катпай туруп эле бар күчү менен чыкыйга коюп, сулайта коюшту. Анан баш-көзгө карабай тепкилеп киришти. Баары чачын тасырайта кырдырган, сакал-мурутун коюу өстүргөн обурлуу немелер эле".

Бардык суракта аларды бир гана суроо кызыктырган: аятолла Хаменейинин сүрөтүн ким дубалдан жулуп алып, ким өрттөгөн? Муну алар өздөрү жасадыбы же кайсы бир уюмдун буйругун аткарыштыбы?

Эч кимден эч кандай маанилүү бир маалымат алалбаган соң аларды башка түрмөгө которушуп, ал жерде да адам чыдагыс абалда сегиз ай кармашат. Уулунун кайда экенин билбей, Фатхинин ата-энеси, жакын туугандары Тегерандагы түрмөлөрдүн баарын түрө кыдырып, бирөөнөн да тыңгылыктуу жооп алалбай коюшат. Бардык жерден: "Уулуңар же мерт болгон же дайынсыз жоголгон", - деген гана сөз угушат.

"Акыры полиция мени өзүм туулуп өскөн шаардагы бир абышканын карамагына берүүнү чечти. Ал киши иран-ирак согушунда үч бирдей уулун жоготуп, бут кийим саткан дүкөнүнөн башка карманар эчтемеси жок, коколой калган киши эле. Бирок абдан карылуу, сөөк-саактуу неме болчу, андан калса ислам революциясына баш-оту менен берилген, айныгыс фанатик эле", - дейт Фатхи.

Фатхи күн сайын ошо абышкага келип, көз көрсөтүп турат. Баскан-турганынан бери баяндап, кокус коңшулаш шаарларга баргысы келсе, жоро-жолдоштору менен жолугушмак болсо, баарына атайын уруксат алганга милдеттүү эле. Абышка баарыдан мурда Фатхиден беш убак намазга жыгылып, мусулмандык милдетин такыбалык менен аткарууну талап кылат. Фатхи анын айтканын кынтыксыз аткарат, акыры ишенимине кирет. Ошондон соң абышка андан шек санабай, зарыл жумуштары чыгып калганда бир нече күнгө башка жактарга жолоочулап барып-келип жүрдү.

Ошондой бир учурду пайдаланып, Фатхи Ирандан качып чыгат. Ага жол көрсөтүп, көздөгөн жерине жеткиргенге убада бергендер аны кеменин түрмөсүнө катып, Түркиядан Грекияга алып барышат. Андан соң жүк ташыган машинанын бир кычыгына тыгып, Францияга өткөрүшөт. Аткезчилер Фатхини биринен бирине өткөрүп берип жатканда ар бир ирет "жол киресин" төлөгөн жок деп табышташат. Ошентип, Францияга келгенде ал капчыгында сокур тыйыны жок сопол болуп калган эле.

Ирандагы шайлоо тополоңунда камалгандардан ким бирөөлөр кокус бийликтердин чеңгелинен бошонуп чыга алса, анда алар да дал ушундай жолду тандап аларынан Фатхи кадик кылбайт.

"Ушунча азап-тозок тартып, убаралуу мекеними, алдейлеген ата-энеми, моюндаш өскөн тели-теңтуштарды таштап, бөтөн жерге, бөлөк элге качып келүү менин муратым беле? Албетте, жок. Менин өлкөмдөгү өкмөт менден өлкөмдү алып койду. Менин бар болгон жазыгым саясий демонстрацияга катышканым эле", - дейт Фатхи.

Видео тасма.

Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00



Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет

Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Иранда нааразылык билдирип чыккан элге бийлик тарабынан күч колдонушун айыптап, 27-июнда Бишкектеги Иран элчилигинин имаратынын жанында нааразылык иш-чара өткөрдү.

XS
SM
MD
LG