Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

МАГАТЭ Иран центрифуга кураштырчу завод куруп жатканын ырастады


Тегеран.
Тегеран.

БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран уран байытуу үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында завод куруп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, бул жай Натанзадагы өзөктүк объектинин жанында салынууда.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэл Гросси 28-октябрда аталган объект июль айында жарылган заводдун ордуна курулуп жатканын билдирди. Буга чейин расмий Тегеран бул жарылууну саботаж максатында жасалган кол салуу деп атаган.

«Алар курулушту баштады, бирок аягына чыга элек. Бул өтө узак процесс», - деп билдирди Гросси.

МАГАТЭ курулуш жүрүп жатканы боюнча жандоочтон тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Рафаэл Гросси Иран бул курулуш боюнча эл аралык кабар бергенин кошумчалады. Анын айтымында, Тегеран чала байытылган урандын запасын түзүүнүн үстүнөн иштеп жаткан, бул өзөктүк курал өндүрүүгө жетиштүү эмес.

Буга чейин Ирандын өзөктүк энергия уюмунун башчысы Али Акбар Салехи өткөн айда мамлекеттик телеканал аркылуу Натанзадагы заводдун ордуна жаңысы куруларын билдирген.

Мындан беш жыл мурун Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG