Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленип жатат

Китеп окуп жаткан окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 12-декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленет.

Бул датага байланыштуу Бишкектеги Илимдер академиясынын алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат. Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында салтанаттуу иш-чара болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы боюнча сахналаштырылган спектакль менен коштолот.

Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Токтом долбоору жактырылып, энчилүү дата катары ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан.(ZKo/MSd)

Дагы караңыз

Атайын кызмат артынан түшкөн генерал Мамлекеттик түзүлүш боюнча референдум тууралуу мыйзамга кол коюлдуБишкекте гендердик теңсиздикке каршы марш өтөтАраз-Араз: Ырдан чыккан сөз чыры АКШ Конгресси Трамптын вето коюу тууралуу коркутуусуна карабастан коргоо жаатындагы мыйзам долбоорун жактырдыБШК 18 талапкер топтогон кол тамгаларды жарактуу деп таптыТИМ АКШнын коррупцияга каршы сунушу үчүн ыраазычылык билдирди Бакир Таировдун кармалышы жана «Биримдик»Грузия: Оппозициянын бойкотуна карабай парламент ишин баштадыЭлдин эркин сыначу референдум