Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы эки кабаттуу турак жайда 24-декабрда чыккан өрттү өчүрүүгө бардык күч-аракеттер жумшалганын билдирди. Маалыматка караганда айылдын эң бийик №21 аянтчасындагы Үмөталиев көчөсүнүн эки кабаттуу №7 үйүндөгү өрт таңкы саат 06:45те башталган. Жыгачтан салынган үйдө чыккан өрт жөнүндө өрт өчүргүчтөргө ал күчөп кеткенде кабар жеткен. Өрт өчүргүчтөр тобу кырсык болгон жерге саат 7:20ларда барып, үч саатта өчүрүп бүткөн. Гидранттын жардамы менен суу өрткө тынымсыз берилип турган.
Маалыматта экинчи кабаттагы төрт батир өрттөнүп, биринчи кабаттагы почта бөлүмү, кеңсе, жеке менчик дүкөн жайгашкан биринчи кабат толугу менен сакталып калганы, өрттүн себеби такталып жатканы белгиленген.
Жергиликтүү тургундар мурдараак өрт саат бештер чамасында башталганын, өрт өчүрүүчүлөр саат жетиден өткөндө келгенин, суу шлангы тешилип, өрттү убагында өчүрө алышпаганын, имарат дээрлик күйүп бүтүп калганын билдиришкен. (BCh/NT)
Дагы караңыз
ВИЧ оорулуу энеден дени сак бала төрөлдүСот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыраттыБеткап үчүн кечирим сураган жаш дарыгер иштен кетүү тууралуу ойлонуп жатканын билдирдиФарид Ниязовдун бөгөт чарасын кароо башка күнгө калдыБишкек шаарында 10 миңдей балага жаңы жылдык белектер берилет