Коронавирус дагы эки медициналык кызматкерден табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдет 4120 медкызматкерге жукту. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 2-январда билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир суткада Бишкек жана Ысык-Көл облусунда эки медициналык кызматкерден вирус табылды. Алардын бири "кызыл зонада" иштеп жаткан. Бир күндө үй карантинден беш медкызматкер чыкты.Пандемияда вирустан каза тапкан медкызматкерлержин саны 80ден ашты. Оору жугузуп алган медиктердин 3932и айыкканы кабарланды. (TSh)

Дагы караңыз

COVID-19 бир күндө дагы 58 кишиден табылып, илдеттен эки киши көз жумдуУКМК: теракт жасоого аракет кылган киши кармалдыCOVID-19: Германиялык BioNTech компаниясы өз вакцинасын кошумча өндүрүүнү тездеткиси келетСенат Трамптын коргоо жаатындагы мыйзам долбооруна каршы ветосун четке какты