Өзбекстанда Орусия, Кытай жана Түркия менен кошмо ишканалар көп түптөлүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда чет элдик капитал катышкан өндүрүш ишканаларынын каттоого алынган расмий саны 2021-жылдын 1-январына карата 12 300гө жетти. Алардын 11800ү иштеп жатат.

«Азаттыктын» өзбек кызматы Мамлекеттик статистика комитетине таянып кабарлагандай, эң көп кошмо ишканалар төмөнкү мамлекеттер менен бирге түптөлгөн: Орусия менен 2093, Кытай менен 1799, Түркия менен 1576, Казакстан менен 919, Түштүк Корея менен 888.

2020-жылы чет элдик капитал катышкан ишканалардын саны 1399га көбөйгөн. Пандемия учурунда Түркия менен 330, Орусия менен 315, Кытай менен 207, Казакстан менен 150, Түштүк Корея менен 97 жаңы өндүрүш ишканалары ачылган.

Дагы караңыз

Бишкекте парламентаризмди колдогондор акцияга чыгышты Бишкектеги бала бакчалар менен мектептер 20-январдан тартып ишин жандантатФинпол: Мамыркалиев Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схема үчүн шектүү катары кармалды«Лицензия иши»: Жаңы жагдайлар ачыкка чыкты