Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Бишкекте парламентаризмди колдогондор акцияга чыгышты


Акцияга чыккандардын бир бөлүгү.
Акцияга чыккандардын бир бөлүгү.

Бишкекте 8-январда парламентаризмди колдогон жарандар акцияга чыгышты. Уюштуруучулардын айтымында, 100гө жакын адам Ала-Тоо аянтынын жанына - Апрель ыңкылабынын катышуучуларына арналган эстеликтин алдына чогулду. Алар «Парламенттик республика» деген жазуусу бар плакаттарды жана желекчелерди көтөрүп турушту.

Акциянын демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Ал 10-январда мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда парламенттик өлкө үчүн добуш берүүгө үгүттөгөн топ түзгөн. Митинг бир сааттай созулду.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Шайлоочулар же президенттик, же парламенттик форманы тандап, же экөөнө тең каршы добушун бериши керек.

Бул боюнча расмий түрдө үгүт жүргүзүш үчүн 14 топ түзүлгөн. Алардын сегизи президенттик республика үчүн, бирөө президенттик республикага каршы, үчөө парламенттик республикага жана экөө баарына каршы үгүт жүргүзүп жатат. Бул топторго КТРКнын эфиринен атайын убакыт берилүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG