Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкектеги бала бакчалар менен мектептер 20-январдан тартып ишин жандантат


Пандемия шартындагы окуу. Бишкектеги мектептердин бири. 1-сентябрь, 2020-жыл.
Пандемия шартындагы окуу. Бишкектеги мектептердин бири. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Баш калаадагы муниципалдык бала бакчалар 20-январдан тартып ишин жандандырарын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 18-январдан баштап шаардагы мектептердин 1, 5, 9 жана 11-класстарынын окуучулары мектепке бара баштайт.

Мындай чечим Бишкек шаардык билим берүү департаментинин, эпидемиологиялык комиссиянын жана мэриянын жалпы жыйынында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, мектептердин жана бала бакчалардын иши Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү, илим министрлиги тарабынан түзүлгөн алгоритмге ылайык ишин улам-улам этап менен жандантат.

Мектептер эки мөөнөт менен иштейт. Парталарга балдар шахмат тартибинде, социалдык аралыкты сактоо менен отургузулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар марттын аягынан тартып ишин токтоткон. Окуу аралыктан жүргүзүлүп, IV чейрек аралыктан окутуу форматында чыгарылган.

Сентябрь айынан тартып жеке менчик мектептер менен бала бакчалардын иштешине уруксат берилген. Коопсуз деп эсептелген айрым аймактардагы мектептер экинчи чейректен тартып иштей баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG