Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Мамытканов: Элге алтын чайкап алууга уруксат берилген


Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Ачык кендеринен алтын чайкап алуу 2007-жылы мыйзамдаштырылганын вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 7-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда элди жумуш менен камсыз кылуу максатында ачык алтын кендеринен аны чайкап алууга уруксат берилген.

«Алтын кени боюнча карталар бар, анын ичинен бир кенди тандап алып, аны жууганга атайын патент алып, иштете берсе болот. Буга уруксат берилген. Бирок муну эл билбейт, анткени түшүндүрүлгөн эмес, маалымат ачык эмес. Мына, Чаткалда, Аксыда, Солтон-Сарыда ачык алтын кендери толтура. Чайкагандар бар, бирок аны кайда, кандай жол менен сатып жатышат? Бул маселени да мыйзамдаштырыш керек. «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу алар өндүргөн алтынды сата алабызбы? Муну да карап көрүшүбүз керек», - деди Максат Мамытканов.

Вице-премьер-министр мындан ары бардык кендерди иштетүү ачык болорун белгилеп, аларды мыйзамдуу иштетүүнү элге үйрөтүүнү жаңы өкмөт колуна алганын кошумчалады.

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – Кумтөр. Андан кийин Макмал, Жер үй, Талды-Булак, Иштанберди, Солтон-Сары жана башка кендер бар. Булардын дээрлик бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG