Өзбекстанда президенттин сынынан кийин түрк сериалы көрсөтүлбөй калды

«Канатсыз куштар» сериалы.

Өзбекстанда «Sevimli TV» телеканалы президент Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин түркиялык «Канатсыз куштар» сериалын көргөзүүнү токтотту.

Президент айрым каналдарда чет элдик фильмдер үстөмдүк кылганына нааразы экенин айткан.

Сөз болгон сериал «Sevimli TVда» 2019-жылдан бери көргөзүлүп келаткан.

Каналдын атын атабаган кызматкери «Азаттыктын» өзбек кызматынын («Озодлик») кабарчысына соңку чечимди берүүлөр сеткасы жаңыланып жатканы менен түшүндүрдү. Ал жергиликтүү тасмаларга көбүрөөк орун берилерин айтты.

Дагы бир кызматкер буга президенттин сын-пикири себеп болгонун, «жергиликтүү менталитетке туура келген фильмдерди тартуулоо» тууралуу көрсөтмө берилгенин маалымдады. Маалыматка караганда ушу тапта 30 сериялуу фильм тартуу пландалып жатат.

Буга чейин өзбекстандык айрым дин ишмерлери түркиялык фильмдерди «адеп-ахлакка төп келбейт» деген негизде көргөзүүгө каршы чыккан.

Өзбекстанда түрк сериалдарын буга чейин да экрандардан алып салган учурлар болгон.

Дагы караңыз

Стамалиева: Жээнбеков умрага кетти, Бишкекке он күндөн кийин кайтып келет Премьерликке талапкер Марипов парламент комитетине өкмөт түзүмүн, курамын тааныштырдыКомитет премьерликке Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн курамын жактырдыКоомго китеп окуганды үйрөткөн сабак керекЖаңы өкмөттүн курамы ант берди