Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Комитет премьерликке Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн курамын жактырды


Улукбек Марипов.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды.

Маселени комитет мүчөлөрү 2-февралда үч сааттан ашык талкуулады. Премьерликке талапкер өкмөт түзүмүн, курамын, иш-пландары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Баяндама жасаган учурда ал эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын айтты. Бул багыттарда иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

Марипов сунуш кылган өкмөттүн курамы 22ден 16га кыскарат. Алардын сегизи жаңы сунушталууда, калганы өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер:

"22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырылат. Муну менен катар каржылык жоопкерчиликти арттыруу багытында Экономика жана финансы министрликтери бириктирилет, Социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат, Транспорт министрлигине архитектура тармагы да жүктөлөт. Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт. Андан сырткары, энергетика чөйрөсүндө көйгөйлөр көп экендиги эске алынып, өзүнчө министрлик түзүлүп, Айыл чарба министрлигине аймактарды өнүктүрүү жоопкерчилиги берилет. Тармактарды жетектөөгө дасыккан, тажрыйбасы мол адистер сунушталууда", - деди Марипов.

Анын талапкерлиги жана ал сунуш кылган өкмөттүн курамы 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата-Журт» фракциясы сунуш кылган.

41 жаштагы Марипов 2016-жылдын мартынан ушул убакка чейин Эсеп палатасын жетектеп келди. (NT)

XS
SM
MD
LG