Кыргыздын эрке кызы узап кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыздын чыгаан театр жана кино ишмери, атактуу актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү 17-февралда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн коштошуу зыйнатына бийлик өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, актрисанын замандаштары жана жакындары катышты. 60 жылдан ашуун өмүрүн кыргыз искусствосуна арнаган Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жаш курагында көз жумган.