Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта барат.
Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 4-марттагы басма сөз жыйында кабарлады.
Анын айтымында, акыркы күндөрү Жапаровду бир топ өлкөлөрдүн лидерлери чакырды.
Өзбекстандагы сапарынан кийин ал Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга барары күтүлүп жатат.
Министр президенттин Ташкентке сапары кандай багытта экенин жана анда эмне маселелер караларын тактаган жок. ТИМ буга чейин Садыр Жапаровдун кийинки расмий сапары Өзбекстанга мерчемделип жатканын билдирген.
10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров февралда чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштаган.
2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. (BCh)
Дагы караңыз
Аксы: Жапырт уулангандар спиртке суу кошуп ичкени белгилүү болду Бекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)Бразилияда эки күндөн бери каза тапкандардын саны көбөйдүАксыда уулануудан үч киши каза болду, бирөө оор абалда