Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Бразилияда эки күндөн бери каза тапкандардын саны көбөйдү


Бразилияда 3-мартта COVID-19 илдетинен 1 миң 910 киши каза тапты.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны өлкөдө 260 миңге жетти. Бразилия өлүм-житим жагынан АКШдан кийин экинчи орунда турат. 44 миллион калкы бар Сан-Паулу штатында карантин киргизилди. Коронавирустун Бразилиядан тараган штаммын адистер өтө кооптуу деп сыпатташат.

Түндүк Америкада инфекция жуккандар дагы деле көп болгону менен жыл башынан бери сандар төмөндөдү. Кошмо Штаттарда вирусту жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү январдын ортосуна салыштырганда 70 процентке, өлгөндөр 40 процентке азайды.

Президент Жо Байден өлкө майдын этегине чейин бардык чоң кишилерге жетчүдөй көлөмдө вакцинага ээ болушу керек деп билдиргендин эртеси эле Техас, Миссисипи өңдүү штаттардын бийликтерин сындады. Буга чейин ал жерлерде чек аралар ачылып, беткаптарды милдеттүү тагынуу эрежеси алынып салары жарыяланган.

Ал тапта Германияда карантиндик чаралар 28-мартка чейин узартылмай болду. Ошол эле маалда айрым чектөөлөр алынууда. Алсак, эми беш кишиге чейин чогулууга уруксат берилет, кээ бир дүкөндөр менен тейлөө кызматтары ачылмакчы.

XS
SM
MD
LG