БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө 179 ЖМКны каттады

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн 179 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү.

БШКнын маалыматына ылайык анын ичинен 115и телеканал, радиокомпаниялар жана гезиттер. Калган 64ү интернет порталдар.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган. Ал 10-апрелге чейин созулат.

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8 326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2 858 квота берилген.

Саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үгүт өнөктүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарнама беришет. (BTo)

Дагы караңыз

Бирмада аскер огунан кеминде 18 адам мерт болгону кабарландыАмерикалык конгрессмендер беларус блогери Лосикти бошотууну талап кылыштыИран: абак жазасы аяктаган Загари-Рэтклиффтин үстүнөн кайра сот башталдыТөө-Ашууда бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду«Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген Айбек Осмонов депутаттык мандат алдыЛукашенко: Беларус “Еврокароо” сынагына башка ырды сунуштайтБаткен облус бийлиги Сох анклавы боюнча түшүндүрмө таратты