Саясатчы Феликс Кулов активисттин камалышын сындаган билдирүү таратты

Феликс Кулов.

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов активист Тилекмат Кудайберген уулунун камалышын сынга алган билдирүүнү 18-мартта таратты.

"Азаттык" Куловдун өзү менен байланышканда ал акыркы мезгилдеги камакка алууну аша чапкандык катары баалап жатканын айтты:

"Биринчиден, мен бул кишинин социалдык тармактарга эмне жазганын окуй элекмин. Бирок саясатчы, активист Жеңиш Молдокматов Кудайберген уулунун баракчасын бирөө бузуп кирип, анын атынан жазып жатканын айтып жатпайбы. Садыр Жапаровдукун да ошентишпеди беле. Экспертиза дайындалгандан кийин активистти кармап, камап коюуну аша чапкандык катары баалайм. Анын аркасында бир куралдуу топтун мүчөлөрү болбосо, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратпаса мындай кылган ашыкча", - деди Кулов.

17-мартта активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) бир айга №1 Тергөө абагына камалган. Ал сот чечими чыккандан кийин милициянын коштоосунда баратып, ачкачылык кармай турганын билдирди.

Активист Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен айыпталып жатат.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Тилекмат Кудайберген уулу алып барган.

15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү жүргүзүлгөн. (BCh)

Дагы караңыз

Диний сабырсыздыкты билим жеңетКазакстанда оппозиция биригеби?Аэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылуудаФарид Ниязов 13-апрелге чейин камакта калды Согди облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өттү