Бишкекте көп кабат имараттын лифтинин шахтасына түшүп кеткен кыздын абалын “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери оор деп мүнөздөштү. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна кызматтын жетекчисинин орун басары Болот Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, кыз болжол менен 15 метрлик бийиктиктен кулаган:
“Биз алдын ала диагноз коёбуз. Кыздын омурткасы сынган жана мээси чайкалган деген баштапкы диагноз менен ооруканага жеткирдик”.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 27-мартта Бишкектеги мейманканалардын биринде болгон. Куткаруучулар кызды лифттен чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.
Бишкекте адамдар лифттен кулаган окуялар буга чейин да катталган жана лифттердин көбүнүн эскилиги жеткени тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. (RK)
Дагы караңыз
Фарид Ниязовдун адвокаты анын оорусу боюнча Башкы прокурорго кайрылдыШайлоого эң көп шаардан катышып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" болуудаАлматыда топтолуп "ооз ачууга" жана жума намазга чогулууга убактылуу тыюу салындыӨКМ: Кара-Сууда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү