Статистика: Өткөн жылы микрокредит алгандар 82 миңге көбөйдү

Улуттук статистика комитетинин инфографикасы.

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 2020-жылы 707 миң адамды түздү. Аларга жалпы 31 млрд. сомдон ашык насыя берилди. 2019-жылы 624 миң адамга 30 млрд. сомдон ашык насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6% - айыл чарбасына, 28,2% - керектөөгө, 10,4% - соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1% - курулушка берилген.

2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкекте "Баштан башта" кыймылынын кезектеги жүрүшү өттүЛифттин шахтасына кулаган кыздын абалы оор деп мүнөздөлдүИндонезияда чиркөөнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адам каза болду