Аскар Какеевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Аскар Какеев менен коштошуу.

Бишкекте 27-апрелде мурдагы мамлекеттик катчы, мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Кыргыз улуттук университетинин алдында уюштурулган иш-чарага өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Какеев 25-апрелде 85 жашында оорудан улам каза болгон. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери Аскар Какеев 1935-жылдын 10-декабрында Чүйдүн Кегети айлында туулган.

Аскар Какеевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

1992-1993-жылдары ал мамлекеттик катчы, 1993-1998-жылдары билим берүү, илим жана маданият министри, 2000-2005-жылдары Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп иштеген, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин философия кафедрасын жетектеген. 100дөн ашуун илимий эмгектин автору болгон. (MZh)

Дагы караңыз

Билим министрине орун басар болуп Айгүл Абдраева дайындалдыТажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Мажитовду колдогондор ТИМдин алдына чогулдуМүйүзү арааланган эликтер башка жаныбарларга алмашылганТашиев Гавасай боюнча: 19,2 миң гектарды кайтарып алуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүгө негиз бар