Парламентте жоолук салынган окуучу кыздар маселеси айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жоолукчан кыздардын жалпы мектептен билим алуу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 28-апрелде парламенттин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов Ош облусунун Кара-Суу районунда көйгөй жаралганын айтып, тийиштүү мекемелердин бул боюнча маалыматын угууну сунуш кылды:

“Кара-Суу районунда мектептерге жоолукчан окуучу кыздарыбызды киргизбей жатышат. Жер-жерлерде ушундай көбөйүп жатат. Ошого билим берүү жана ички иштер министрликтерин чакырып, эмне үчүн киргизбей жатканын сурабайлыбы. Бул коомубузда абдан көйгөйлүү маселе болуп баратат”.

Парламент төрагасы депутаттар сунуш кылган маселелердин баары тийиштүү комитет аркылуу каралгандан кийин сөзсүз жалпы жыйындын күн тартибине киргизилерин айтты.

Кыргызстанда ар бир мектептин уставына ылайык бирдиктүү форма кийүү талабы бар.

27-апрелде Интернетте Кара-Суудагы мектептердин бирине жоолук салынган окуучу кыздар окууга жолугун чечип кирип жатканы тууралуу видео тараган. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте журналист Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өттүДепутат өкмөт БУУнун 50 млн доллар грантын ала албай жатканын сындадыКоронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 322 адам жаңы катталдыСыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурорлугунан кетти