Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Бишкекте журналист Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өттү


Эрнис Аске уулун эскерүү кечеси.
Эрнис Аске уулун эскерүү кечеси.

Бишкекте журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өттү. 26-апрелде Улуттук филармонияда өткөн иш-чара "Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары" деп аталды. Кечеге маркумдун жакындары, калемдештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Иш-чара алкагында калемгердин "Каалга" аттуу китебинин үчүнчү басылышынын бет ачары болду.

Эрнис Асек уулу 1970-жылы Нарында туулган. 2020-жылдын январь айында 50 жаш курагында жүрөгү токтоп, ооруканада каза болгон.

Маркум журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Акыркы жылдары «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жүргөн. Ал дүйнөлүк адабияттан бир топ акындардын, даанышмандардын чыгармаларын которгон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG