Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

COVID-19: Вирус дагы 199 адамдан табылды, эки бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкектеги, экинчиси Нарындагы ооруканада жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1584 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 199 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (138) жана Чүй облусунда (29).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 030 адамга жетти.

Бир күндө 146 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1449 адам жатат, дагы 1801 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4,5 миңге жетти, алардын жүздөн ашууну каза болду.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Марттын ортосунан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG