Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

“C5+1” форматындагы жолугушуу болуп өттү


Онлайн жолугушуу

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 23-апрелде Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен “С5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөрдү. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Онлайн жыйында Блинкен Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын быйылкы эгемендигинин 30 жылдыгы, “С5+1” аттуу кызматташтык платформасынын түзүлгөнүнө беш жыл толушу менен куттуктады.

Анда Казакбаев коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан экономикалык оор кырдаал, климаттын өзгөрүүсү, жаратылышты коргоо тууралуу маселелерди козгоп, 2022-жылды “Эл аралык тоо жылы” деп жарыялоо сунушун Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ)берерин айтты.

Жолугушууда Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу, климаттык өзгөрүү, COVID-19 менен күрөшүүдө вакцинанын адилет бөлүштүрүлүшү, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кыз-келиндеринин илимдеги орду талкууланды.

“С5+1” форматы 2015-жылы АКШ менен Борбор Азиядагы экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук маселелерин биргелешип чечүү максатында түзүлгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG