Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Профессор Аскар Какеев дүйнө салды


Аскар Какеев (ортодо). Архивдик сүрөт.
Аскар Какеев (ортодо). Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте 27-апрелде өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 26-апрелде маркумдун жакындары кабарлашты.

Какеев 25-апрелде 85 жашында оорудан улам каза болду. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери Аскар Какеев 1935-жылдын 10-декабрында Чүйдүн Кегети айлында туулган.

1992-1993-жылдары ал мамлекеттик катчы, 1993-1998-жылдары билим берүү, илим жана маданият министри, 2000-2005-жылдары Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп иштеген, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин философия кафедрасын жетектеген. 100дөн ашуун илимий эмгектин автору болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG