Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурорлугунан кетти


Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 5-октябрында Бишкекте өткөн митингде.

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматынан баш тартты. Иштен кетүү тууралуу арызын бүгүн 28-апрелде жазганын ал өзү “Азаттыкка” тастыктады:

“Бүгүн жаздым Башкы прокурордун иш бөлмөсүнө кирип. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп “Алгылачы жумушуңарды” дедим. Көңүл жатпайт иштегенге. Өзүм иштегим келбей калды”.

Жапыкеев кызматтан кетүү себебин кийин айтып берерин кошумчалап, “Мындан ары эмне менен алек болосуз?” деген суроого “Өзүмдүн иштерим менен алек болом. Саякаттайм” деп жооп берди.

Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык «Чоң казат» партиясын жетектеп барган. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Финансы полициясына жетекчи болгон.

Финпол кийин жоюлуп, Жапыкеев 30-мартта Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG