Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

ЖК өкмөттүн чек ара тилкелерин чечүү программасын талкуулайт


Кемпир-Абад суу сактагычы
Кемпир-Абад суу сактагычы

Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында депутат Таабалды Тиллаев чек ара маселеси тууралуу өкмөттүк комиссиянын иши тууралуу премьер-министрдин маалымат беришин сунуш кылды.

“Өкмөт башчыны Жогорку Кеңешке чакырып, чек арадагы абалды талкуулайлы. Ал жерде бир топ программалар кабыл алынып жатыптыр. Өкмөттүн соңку чечимдери чек арага жакын аймакта жашап жаткан жарандарга түшүнүксүз болууда. Муну өкмөт башчы түшүндүрүп, программасын айтып берсе болот эле. Чек ара маселеси азыр чечилеби же жокпу?”.

Соңку күндөрү "Кемир-Абад" суу сактагычы тууралуу өкмөттүн чечиминен улам нааразылык жаралды.

Өткөн айда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилгенин кабарлаган.

Бирок УКМК төрагасынын "Кемпир-Абад" суу сактагычын жана анын айланасындагы 50 гектар жерди коңшу өлкөгө берүү тууралуу протоколго кол койгону Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун тургундарын нааразы кылган.

Мындан кийин Ташиев коңшу өлкөгө 20 гектар гана жер берилерин айткан. 25-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолукканда жер берүү тууралуу протоколду жокко чыгара турганын билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG