Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу 8-майда адвокат Кантемир Турдалиев маалымдады.
“Мурунку беренени “массалык башаламандык уюштуруу” дегенге которуп, эки айга камакка алды. Октябрь айында жалгыз Жеңиш Молдокматов болгон эмес. Утулуп калган 12 партиянын өкүлдөрү чыгышкан”, - деди жактоочусу.
Биринчи май райондук соту Молдокматов 6-июлга чейин №1 тергөө абагында кармаларын билдирди.
8-майда Молдокматовду адегенде бөгөт чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна алып келишкен. Бирок, аны кайра милицияга суракка алып кетип, Жазык кодексинин 264-берене (“Массалык башаламандыктар”) боюнча дагы шек саналып жатканы белгилүү болгон. Жактоочусу Турдалиев милицияны Молдокматовду камоо үчүн башка беренени дагы кошуп жатат деп сындаган.
Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда суракка барып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Милиция ал Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шек саналып жатканын кабарлаган. Жеңиш Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.
Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (TSh)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө каза болгон кишинин уу коргошун ичкени кабарлануудаТажик президенти Эмомали Рахмон Орусияга бардыАдвокат: Жеңиш Молдокматов дагы бир берене боюнча шек саналуудаДүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “Sinopharm" вакцинасын каттадыМеценат жана коомдук ишмер Ташкул Керексизов каза болдуБаткен: жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курулат