Иранда ачыкка чыккан кумсаны туугандары өлтүрдү

Ирандын баш калаасы Тегеран, 31-март 2020-жыл.

Ирандын түштүк-батышында 20 жаштагы жигит жыныстык ориентациясы үчүн үй-бүлөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды. Алиреза Монфаредди анын бир тууганы жана бөлөлөрү ушул айдын башында өлтүрүп койгону белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, алар бул кадамга Монфаред ЛГБТнын өкүлү болгону ачыкка чыккандан кийин барышкан. Айрым кабарларга ылайык, Монфаред мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Ирандын Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарынын жанында 4-майда болгону кабарланган бул окуя боюнча кеминде үч адам кармалганы маалымдалды.

Маркум 8-майда Түркияга кеткени даярданып жүргөнүн жакын досу Агхил Абят "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматына билдирди.

Би-Би-Си Монфареддин үнү жазылган аудио колуна тийгенин кабарлады. Бул аудиодо маркум өмүрү коркунучта экенин, Ирандан качканы жатканын айткан.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму ЛГБТ өкүлдөрүн "кыйнап, аларга ырайымсыз, адамгерчиликке жатпаган мамиле жасаганы үчүн" Ирандын бийлигин кескин сынга алган.

Дагы караңыз

Кара-Кулжа районунда бир нече айылды суу каптадыҮч өлкөдөгү элчиликке жана бир шаардагы консулдукка талапкерлер жактырылдыТой-топурлардагы чыгымдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталдыНиязов: Борбор Азия өлкөлөрү АКШ базасы боюнча сунуш түшсө чечимди өз алдынча кабыл алганы туура