Казанда мектепте ок атылып, cегиз киши мерт болгону кабарланды

Казандагы мектеп.

11-майда Татарстандын борбору Казандагы №175 гимназияда атылган октон сегиз киши мерт болду. Бул тууралуу Татарстандын президенти Рустам Минниханов жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. Маалыматка караганда, ок тийгендердин жетөө мектеп окуучулары, бирөө мугалим. Минниханов мектепте ок атууга шектелген 19 жаштагы жигит кармалганын да айтты. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат, имарат курчалып турат. ОҮрөй учурган окуя башталганда окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган.

Орусиядагы «Интерфакс» агенттиги мектептин администрациясына шилтеме берип, шектүү класска кирип келип, ок атканын жазды.

Татарстанда 12-майда аза күтүү жарыяланды.

Дагы караңыз

Баткенде жараат алгандардын үчөө реанимациядан чыга элек, абалы оор Ысык-Көл облусунун жетекчиси алмаштыӨзбекстан кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирдиСогушта курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам боюнча мыйзам комитетте колдоо таптыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал