Кумтөр боюнча комиссия: Кыргызстан 1,5 млрд, "Центерра" 11,5 млрд доллар пайда тапкан

Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат. Тасма 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү.

Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тирешиЖапаров: Кумтөр эки айдан бери башкаруусуз турат, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система да өчтүТалас: эски мектеп, бүтпөгөн курулушПарламент Кумтөрдөн улам чукул жыйынга чогулду