Арстанбек Базаркулов Паралимпиада оюндарына жолдомо алды

Арстанбек Базаркулов.

Кыргызстандык спортчу Арстанбек Базаркулов Жапониянын борбору Токио шаарында өтө турган 17-Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу 20-майда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Базаркулов паралимпиадага жолдомону жеңил атлетиканын ядрону түртүү боюнча үч мелдеште паралимпиадалык нормативди аткарып утуп алган.

Арстанбек Базаркулов коло байгеси менен. Швейцария, Ноттвиль шаары. 18-май, 2021-жыл.

Арстанбек Базаркулов паралимпиадалык нормативди аткарыш үчүн мелдешке катышкан. Февраль айында Дубайда өткөн пара жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдеште ал ядрону түртүүдө боюнча 5-орунду ээлеген. Март айында Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде 4-орунду, ал эми 7-18-май аралыгында Ноттвиль (Швейцария) өткөн Гран-при мелдешинде коло медалдын ээси болгон.

Арстанбек Базаркулов Токио паралимпиадасына жолдомо алган алгачкы кыргызстандык паралимпиадачы болду. 17-Паралимпиада оюндары быйыл жапон борборунда 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт. (GT)

Дагы караңыз

УКМК: «Кыргыз темир жолундагы» жемкорлукка шектүүлөр арасында мурдагы жетекчиси жана анын уулу барКоронавируска байланыштуу бир катар маданий иш-чаралар токтотулдуБөлтүрүк: "Кумтөр" жаңы программалык система менен иштейтЕвробиримдиктин аймагына эмделген гана туристтер кире алат