Азери-армян чек арасы: эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптады

Азери-армян чек арасы.

25-майдагы азери-армян чек арасындагы ок атышууга эки өлкө бири-бирин айыптап чыкты. Ереван анда бир жоокери мерт болгонун билдирди. Баку болсо армян аскерлери чек арадан азери жоокерлерин аткылап жатат деп күнөөлөдү.

“Азербайжан аскерлери жооп кайтарган эмес жана курмандыктар болгон жок”, деп айтылат азери тарап тараткан билдирүүдө.

Былтыр күзүндө эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак үчүн алты апталык согуш жүргөн. Куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын эки миңдей жоокери киргизилген.

Дагы караңыз

УКМК Баткендеги май куюучу бекетке Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирдиЖыпар Жекшеевдин "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китеби жарык көрдүБишкектин мурдагы мэри Суракматов 48 саатка камалганы кабарланды "Талибан” коңшуларын АКШнын базаларына уруксат бербөөгө чакырды Орусия: чек ара чырына айыпталган Мажитов абакта калдыТажик ТИМи жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды