Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Орусия: чек ара чырына айыпталган Мажитов абакта калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовдун бөгөт чарасы бүгүн, 26-майда Төмөнкү Новгород шаардык сотунда каралып, бир айга камакта калды. Бул тууралуу анын ишине көз салып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова билдирди.

“Сотто тажик прокуратурасы Мажитовду Дүйшөмбүгө өткөрүп берүү сунушун келтирген экен. Алар мыйзам чегинде иш алып барабыз деп айтышкан. Бирок Орусия соту тергөө иштери аяктагыча Мажитовду Төмөнкү Новгород шаарындагы абакта бир айга калтырды”, - деди Аманова.

Маалыматка ылайык, Эсенбай Мажитовдун укугун сотто орусиялык адвокат коргоп жатат.

Эсенбай Мажитов Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы" себеп болгон. Орусиянын укук коргоо органдары калайман башаламандык уюштурууга айыптап кармаган.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирген. Маалыматта Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен калыбына келтирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG