"Токтогулдагы" суу 10 млрд. куб метрден ашты

Токтогул ГЭСи

"Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 28-майына карата 10 млрд. 10 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын сайтында кабарланды.

2020-жылдын дал ушул күнүндө суу сактагычта 2,3 млрд. кубметрге суу көп топтолгон. "Токтогулдагы" суунун көлөмү ушул жылдын 19-февралында 10 млрд. куб метрден ылдыйлап кеткен.

Март айынын аягында суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге түшүп кеткен. Токтогул суу сактагычына 19,5 млрд .куб метр суу батат.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.(МТа)

Дагы караңыз

Жаңжалда курман болгон үч чек арачыга "Эрдик" медалы ыйгарылды Армениянын министри чек арадагы чыңалуудан улам кызматтан кеттиКазакстанда толук эмделгендердин саны миллиондон аштыКазакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди