Чек ара: Таш-Тумшуктагы жаңжалдын тагы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан бери бир айдан ашык убакыт өтсө дагы Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюндагы Таш-Тумшук айылынын тургундары үйлөрүнө толук кайтып келе элек. Алар президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Тажикстандын Кожалы айылынын курчоосунда турган Таш-Тумшукта мурда 150 үй болсо, азыр 38 эле түтүн калган.