Өзбекстанда ВИЧти башка адамга "атайы жуктурду" деп шектелген аял кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 34 жаштагы аял ВИЧ инфекциясын башка адамга атайы жуктурду деп айыпталып жатат. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, окуя Бухара облусунун Вобкент районунда катталды.

Полиция кылмыш ишин козгоп, аялды оорусун билип туруп "инфекцияны жергиликтүү тургундардын бирине корголбогон жыныстык катнаш аркылуу жугузган" деп айыптоодо. Маалыматта айтылгандай, тийиштүү мекемелер аялды буга чейин бир нече жолу эскертип, ВИЧти башкаларга жугузса, кылмыш жообуна тартыларын билдиришкен.

Кылмышка шектүү келинден ВИЧ инфекциясы 2019-жылы аныкталып, ал облустук СПИД борборуна каттоого алынган.

Калкы 33 миллиондон ашуун Өзбекстанда 2020-жылдын ноябрь айына карата ВИЧ жуккандардын саны 43 581 адам, алардын көбү эркектер экени маалым болгон. (RK)

Дагы караңыз

14-июндун аба ырайыОш COVID-19 эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунга чыктыБалдар үйүндөгү өлүмдү мекеме аралык комиссия иликтемей болду Өспүрүм каза болгон интернаттын директорун иштен алуу талабы коюлууда