Министрлик: коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын айтты.

Ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабай, коомдук жайларда беткап тагынбай жүрүү оорунун жайылышына шарт түзөрүн дагы бир жолу эскертти.

“Республикабызда коронавирустук инфекциянын биринчи учуру 2020-жылы 18-мартта катталган. Жыл ичинде оорунун эки толкуну болду. Оорунун эң бийик чокусу былтыр июль айында катталып, вирус бир күндө 1600 адамдан табылган. Экинчи толкуну 2020-жылдын октябрь, ноябрь айларында байкалып, күнүнө 606 адамга чейин жеткен”.

Дагы караңыз

"Казакстан электрди бекер бербейт"УКМК: Бишкектин мурдагы вице-мэри мыйзамсыз байыганы аныкталдыАКШдагы мекендештер Баткенге 18 млн. сом бердиCOVID-19: Кыргызстанда оорунун жайылышы күчөдү

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги акыркы жети күндүн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү же жугуштуулугу 1,3 пайызды түзгөнүн кабарлады.

Кыргызстанда 15-июнга карата расмий маалымат боюнча өткөн жылдын март айынан бери оорудан 1 905 киши каза болуп, вирус 111 343 адамдан аныкталды. 103 257 киши илдеттен сакайып чыкты.

Соңку бир күн ичинде вирустан алты адам каза болуп, дагы 514 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (234) жана Ош шаарында (110).

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (BTo)