Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

УКМК: Бишкектин мурдагы вице-мэри мыйзамсыз байыганы аныкталды


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэриясындагы жемкорлукту аныктоо ишинин алкагында мурдагы вице-мэрлердин биринин мүлкү боюнча кылмыш иши тергелип жатканын 15-июнда билдирди.

“Азаттык” кеп Бишкекте вице-мэр болуп 2019-2020-жылдары иштеген Уланбек Азыгалиев жөнүндө болуп жатканын аныктады.

УКМКнын маалыматына караганда, ал кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык киреше алуу максатында өзүнө байланышы бар компанияларга көп кабат үй куруу үчүн уруксат кагаздарын алууга жардам берген деп шектелүүдө.

Атайын кызмат мурдагы вице-мэрдин өзүнө жана жакындарына Бишкекте жана Ысык-Көлдө жети жер тилкеси, 11 кеңсе жайы, төрт турак эмес жай, 11 батир, 10 автоунаа токтотуучу жай, Ысык-Көлдө эки коттеж, кымбат баалуу беш автомашина катталганын билдирди.

УКМК жалпысынан 100 миллион сомдон ашуун каражатка бааланып жаткан мүлк мурдагы муниципалдык кызматкердин кирешеси тууралуу расмий маалыматка дал келбей турганын, учурда ыкчам тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Коррупцияга шектелип жаткан Азыгалиев УКМКнын билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал вице-мэрлик кызматты 2019-жылдын февраль айынан 2020-жылдын декабрына чейин аркалаган. Быйыл апрелде өткөн жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан» талапкер болгон.

Кыргызстан Transparency International уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген.

Бишкек мэриясындагы жемкорлукка байланыштуу буга чейин да жетекчилер кармалып, камалган. Алар күнөөсү жок экенин айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG