Мюнхен: стадионго парашютист конгондо бир нече киши жараат алды

Мюнхендеги стадион. 15-июнь 2021-жыл

«Гринпис» уюмунун активисти шейшембиде Мюнхенде футбол боюнча Европа чемпионатынын алкагында Германия-Франция беттеши алдында стадионго конгондо бир нече киши жараат алды. Камералардын үзүлүп кеткен кабелдери оюн талаасына жана борбордук трибунага кулап түшкөн. Коопсуздук кызматтары ал адамды дароо алып кетишти. УЕФА бир нече киши ооруканага жетирилгенин билдирди.

«Гринпис» эч качан кимдир бирөөгө залака тийгизүүнү же матчты үзгүлтүккө учуратууну көздөбөгөнүн, эч ким катуу жабыркаган жок деп үмүттөнөрүн “Твиттерге” жазды.

Айлана-чөйрөнү коргоочу уюм мындай жол менен германиялык Volkswagen машина өндүрүүчү компаниясы дизел жана бензин менен жүргөн машинелерди чыгарууну токтотсун деген талабына көңүл бурдурууну максат кылганын кошумчалады.

Оюнда Франциянын улуттук командасы 1-0 эсебинде жеңди.

Дагы караңыз

"Левада": орусиялыктар дос өлкө деп атаган ондукта Кыргызстан барБишкек: сугат суу тартыштыгына нааразы дыйкандар акцияга чыгыштыМинистрлер кабинети парламентте сугат суу тууралуу маалымат беретЖыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 1,6% начарлады