COVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурады

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда менен жолугуп, коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп жатканын белгиледи.

“Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны өтө аз болуп жатат. Ушул мезгилде жапон өкмөтү бизге колдоо көрсөтүп, пандемиянын кесепетин жоюуга көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деди Бакашова.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жогушуунун жыйынтыгында элчи калкты эмдөө маанилүү экенине токтолгон. Бирок вакцина маселеси кандай чечилгени тууралуу маалымат айтылган жок.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 100 миң киши эмделди. Бийлик калкты эмдөө өнөктүгүнө кытайдын жана орусиянын вакциналарын колдонуп жатат.

Гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm вакцинасынын биринчи партиясы май айынын этегинде түгөнгөн. Учурда кытай вакцинасынын экинчи партиясы келери күтүлүүдө.

Мындан тышкары Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы жана эл аралык COVAX программасы аркылуу 210 миң доза AstraZeneca вакцинасы келери айтылган. (MiK)

Дагы караңыз

Лейлек: Элдик кошуун тажикстандык аялдарды өткөрбөй койдуОрусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстүКоронавирус жуккан Бейшеналиев министрликке келип иштеп жататЕвробиримдик Путин менен саммит өткөрүү демилгесин колдогон жок Султанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жаздыКара-Кулжада сууга агып кеткендер табылбай жататОппозициячыл журналист Роман Протасевич жана сүйлөшкөн кызы үй камагына чыкты Аба ырайы: тоолуу жерлерде сел жүрүшү мүмкүн