Чек ара жаңжалында жабыркагандар кенемте алды

Чек ара жаңжалында 36 кыргызстандык мерт болгон.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү бир миллион сомдон кенемте алды.

Чатакта жабыркаган дагы 67 үй-бүлөгө тарткан зыянына жараша 50 миң сомдон бир миллион сомго чейин акча төлөнүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев 6-июлда басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, кенемте үчүн жалпысынан бюджеттен 51 миллион сом каралган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең кылмыш иштери козголгон.

Дагы караңыз

Жунушалиев: Баткенге элден 120 миллион сомдой чогулдуЭрдоган: Орхан Инанды Түркияда камактаЖАМК: Чыңгыз Жумагулов жакында абактан чыгат"Мөңгүлөрдү сактабасак, чөлгө айланабыз"Рейхан Инанды: Күйөөмдүн кордук көргөнүн байкадым