Элчи Өмүралиев Инандыга консулдук кызматкер киргизүүнү суранды

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 6-июлда Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолукту. Анда Орхан Инандынын Кыргызстандан Түркияга тымызын алынып кетишине байланыштуу Бишкек Анкарага нота жөткөнүн расмий билдирди. Инадынын кайда экени тууралуу маалымат берүүнү жана аны менен консулдук кызматкерди жолуктурууну өтүндү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Явуз Кыран бул өтүнүчү өз өлкөсүнүн Юстиция министрлигинин кароосуна жөнөтүлөрүн айтканын билдирди. Ошондой эле ал Инанды түрк жараны экенин белгилеп, анын кайда экенин билбей турганын кошумчалаган.

Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Дагы караңыз

"Талибан" ооган провинциясынын борборуна чабуул койдуБажычы Айтмаматов 74 млн. сом төлөп абактан чыктыАйтматов менен Турсунзаде арабызда болгондо…Инандынын иши: депутат күч органдарынын башчыларын жоопко тартууну сунуштады Шаршеев: Инанды жоголгондон бери бардык учактар текшерилди (видео)Вирус күчөгөндө эс алгандар көбөйдү