Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

"Талибан" ооган провинциясынын борборуна чабуул койду


Ооганстандын Бадгис провинциясы.
Ооганстандын Бадгис провинциясы.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадгис провинциясынын борбору Калайи-Науга чабуул коё баштады. 7-июлда шаарда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин ортосундагы айыгышкан кармаш тутанды. Жоочулар шаардагы өкмөттүк имараттарды, анын ичинде полиция бекеттерин ээлеп алганы кабарланууда.

Бул талибдердин америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери кайсы бир ооган провинциясынын борборун бутага алган биринчи чабуулу.

Бадгис провинциясындагы бардык райондор талибдердин колуна өткөнүн аймактын губернатору Хессамуддин Шамс "Азаттыктын" ооган кызматына билдирди.

"Душман шаарга кирип келди. Бардык райондор кулады. Шаардын ичинде кармаш башталды", - деди Хессамуддин Шамс.

Провинциядагы айрым расмий өкүлдөрдүн айтымында, аймакта полиция департаментинин башчысы 100дөй кызматкери менен "Талибан" кыймылына кошулуп кетти. Куралдуу кармаштан баш-аягы 30 ооган аскери мерт болду.

Соңку апталарда талибдер Ооганстандын бир топ райондорун, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарды басып алды. Буга чейин ооган бийлиги "Талибан" ээлеп алган райондорду артка кайтаруу үчүн чабуулга даярданып жатканын билдирген. Пентагондун маалыматына ылайык, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү жараяны 90 пайыз аяктап калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG