Курманкул Зулушев: сот чечимдеринин 16% гана аткарылууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 13-июлда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде жаңы кодекстер боюнча парламенттик угуу учурунда айтты.

“Баш мыйзамда соттордун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө прокуратурага жүктөлдү. Кодекстер кабыл алынса, биз сот аткаруучулар менен тыгыз иштешебиз. Соттун чечими аткарылса, элдин сотко болгон ишеними кайтат”, - деди Зулушев.

Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Тартип бузуу жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланып, 2019-жылы иштей баштаган.

Бул кодекстерди кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова 13-июлда Кыргызстанда соттор 2020-жылы жалпы 125 миңдин тегерегинде ишти караганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Москвадагы мушташ, диаспоранын аракетиАдвокат: Инандыны Бишкектен үч киши уурдаганЭки баласы менен жолдо каза болгон келиндин жакындары митингге чыктыCOVID-19: Орусияда бир суткада 780 адам каза болдуБылтыр сот чечимдеринин 10% каршы экинчи инстанцияга арыз түшкөнОлимпиадада алтын медал уткан спортчуга 10 млн. сом сый акы берилет