Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Былтыр сот чечимдеринин 10% каршы экинчи инстанцияга арыз түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соттор 2020-жылы жалпы 125 миңдин тегерегинде ишти карады. Анын ичинен адамдар судьялар чыгарган чечимдин 10 пайызына каршы экинчи инстанцияга арызданган. Ал эми беш пайызы жогорку сотко жеткен.

Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова 13-июлда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин жыйынында айтты. Ал сот бийлигине тиешелүү мыйзам долбоорлору тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып эл сотторго канчалык ишенерин так айта албай турганын билдирди.

Парламенттин депутаты Аалы Карашев Кыргызстанда 30 жылдан бери соттук реформа тууралуу кат-кат убадалар берилгени менен жыйынтык жок экенин, сотторго болгон элдин ишеними чечимдерге каршы арыздануу боюнча көрсөткүч менен бааланбашы керектигин белгиледи.

Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин сот бийлигинин ишин жөнгө салган беш мыйзам долбоорлору жазылды. Анын автору катары президент Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG