Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстан. Сары-Челек көлү.
Кыргызстан. Сары-Челек көлү.

Шашылыш билдирүү: 12-14-июль күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG