Кыргызстан автожол салууга 2,5 миллиард доллар насыя алган

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Жогорку Кеңештин 14-июлдагы жыйынында айтты.

Парламент депутаттары жол тармагына алынган насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын сынга алышты.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.

Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган.

Дагы караңыз

Бианки: Ташиевдин жээнинен улам "Кыргызтелекомго" басым көбөйдүМинистрлер кабинети "Мегакомду", "Керемет банкты" сатууну сунуштадыУКМКнын "сырдуу демөөрчүлөрү" Онлайн окуу жана балдардын депрессиясы Кыргызстанда 140 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Өлкөдө Транспорт министрлиги эң коррупцияланышкан мамлекеттик органдардын бири катары бааланып келет. 2019-жылы транспорт жана жолдор министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң доллар пара талап кылган деп 14 жылга абакка кесилген.

Ушул тапта убактылуу депутаттык комиссия түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтеп жатат.

30-апрелге карата мамлекеттин жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 4 миллиард 933,6 миллион долларга жетти. Анын ичинен 4 миллиард 182,95 миллион доллар тышкы, 750,11 миллион доллар ички карыз. Каражаттын көбү энергетика жана жол тармагына алынган. (BTo)