Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстанда 140 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү


Вакцина алып жаткан адам. Иллюстрациялык сүрөт.
Вакцина алып жаткан адам. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 14-июлга карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 140 922 адам алды. Экинчи доза менен 84 147 адам эмдөөдөн өттү (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калганын бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Вакцина акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот. (BT0)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG