Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Аксыда сел агызып кеткен кыздын сөөгү табылды

Аксы.
Аксы.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен эки жарым жаштагы кыздын сөөгүн атасы 14-июлда сел алып кеткен үйүнүн жанынан тапты. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастады.

Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган.

Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Ал эми дайынсыз болуп жаткан дагы бир беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан. Аны милиция кызматкерлери атайын даярдыктагы иттер менен издеп жатат.

Сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган. (TB)

​
XS
SM
MD
LG