Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Аксыда сел жүргөн айыл аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Селге агып кеткен эки бала табыла элек.
Селге агып кеткен эки бала табыла элек.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Топон сууга агып кеткен эки бала табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон наристелерди издөө, селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатканын кабарлады.

Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү табылды жана алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Селден каза болгондордун жетөө Ак-Жол, ал эми дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG